Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАлай району 27.11.2017 10:14 На русском

Алайда «Лексус LX 470» ала салып кетип, бир тууган 3 адам каза болду (ысымдар)

Turmush -  Алай районундагы унаа кырсыктан бир тууган 3 адам каза болду. Бул тууралуу АКИpress агенттигине ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда кырсык Ош—Иркештам унаа жолунун 54-чакырымында катталган. «Лексус LX 470» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу башкарууга ээ боло албай калып, унаа ала салып кеткен. Анын кесепетинен 3 адам каза болду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Каза болгондор:

- 1966-жылы туулган Т.Марипов, айдоочу, Ош шаарынын туругуну;

- 1969-жылы туулган Ш.Марипов, Ош шаарынын тургуну;

- 1968-жылы туулган А.Марипов, Ош шаарынын тургуну.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×