Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАлай району 24.11.2017 17:39

Алайда 8 жаштагы окуучуну автоунаа сүзүп кетти

Turmush -  Бүгүн, 24-ноябрда Алай районунун борбору Гүлчө айылындагы М.Адышев мектебинин алдында башталгыч класста окуган окуучуну «Жигули» үлгүсүндөгү автоунаа уруп кетти. Окуучу бала 2009-жылы туулган. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлышты.

Окуучунун башы жарылып, аймактык ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын абалы туруктуу экенин айтышты. Айрым маалыматтар боюнча, унаа окуучу жолго чуркап чыкканда сүзүп токтогон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×