Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Ош

Алайдын 33 жаштагы тургунун сүзүп өлтүргөн айдоочу кармалды

Turmush -  Алайда 33 жаштагы тургунду автоунаа менен өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды.

Ош ОИИБдин Патрулдук милициясы билдиргендей, жол кырсык 19-ноябрь күнү саат 20:00 чамасында Ош—Эркеч-Там автоунаа жолунун 120-чакырымында болгон. Сопу-Коргон айылында белгисиз айдоочу жол четинде бара жаткан 33 жаштагы Н.А. аттуу тургунду унаасы менен сүзүп, өзү изин жашырып кеткен. Алган жаратынан улам Н.А. окуя болгон жерде каза болгон.

Патрулчулардын ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектелип, Кара-Суудагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 31 жаштагы тургуну Н.Р. кармалды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1422
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×