Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАлай району 18.11.2017 12:22

Алай районунда 46 жаштагы кишини өлтүрө сүзүп кеткен «Мерседес-Бенцтин» айдоочусу изделүүдө

Turmush -  Алай районунда 46 жаштагы тургунду өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу изделип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 17-ноябрда Алай районунун Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 21-чакырымында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа жол четинде бараткан 1971-жылы туулган Р.М. аттуу кишини сүзүп кеткен. Натыйжада ал окуя болгон жерде каза болгон.

Ал эми ойдоочу окуя болгон жерден изин жашырып, качып кеткен. Учурда аталган кырсык боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүрүгүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×