Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 27.06.2017 11:48

Алайда республикалык тестирлөөдөн эң көп 201 упайга Б.Нарматов мектебинин бүтүрүүчүсү ээ болду

Turmush -  Алай районундагы бүтүрүүчүлөрдүн ичинен жалпы республикалык тестирлөөдөн эң көп упайга Б.Нарматов мектебинин окуучусу ээ болду. Ага 201 упайлык (негизги предмет) сертификат тапшырылганын райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу методикалык кабинетинин усулчусу Салима Абдырахманова билдирди.

Анын айтымында, жалпы республикалык тестирлөөгө Алай району боюнча 661 абитуриент катышкан.

«Биздин райондо быйыл 801 окуучу мектепти бүтүрдү. Анын ичинен 661 окуучу жалпы республикалык тестирлөөгө катышты. Жыйынтыгында Бүлөлү айыл өкмөтүнүн Б.Нарматов мектебинин окуучсу Нурсултан Таалайбек уулу 201 баллга ээ болду. Гүлчө айыл өкмөтүндөгү Т.Отунчиев орто мектебинен Гүлдана Сопубекова 190 балл алса, 185 баллга 2 окуучу ээ болду. Жалпысынан босого баллдан жогорку балды 318 окуучу топтоду. Ал эми эң аз 58 балл болду», - деди С.Абдырахманова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×