Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 29.05.2017 10:05

Алайдын Бүлөлү айыл өкмөтүндө шайлоочулардын 50%ы добуш берди

Turmush -  Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого 539 шайлоочу катышты. Анын ичинен 10 бюллетень жараксыз деп табылды, деп билдирди айыл өкмөт башчысы Таалайбек Абдраев.

Добуш берүү Чоң-Бүлөлү жана Кичи-Бүлөлү аймактык шайлоо комиссияларында өткөрүлдү.

«Чоң-Бүлөлү айылында жалпы 392 шайлоочу болсо, анын 183ү шайлоого катышты. Ал эми, Кичи-Бүлөлүдө 716 шайлоочунун ичинен 356 адам добуш берди. Жалпы 1108 шайлоочу бар, анын ичинен 539 шайлоочу добуш берди. Чоң-Бүлөлү айылынан 9 талапкер ат салышып, 4 талапкер өттү. Ал эми, Кичи-Бүлөлүдөн 7 талапкер жетиштүү добуш топтогон», - деди Т.Абдраев.

Бүлөлү айылдык кеңешинде жалпы 11 мандат бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×