Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 03.05.2017 08:25

Алайда онкологиялык оорулардан жабыркаган аялдарды борбордон келген дарыгерлер текшерүүдөн өткөрөт

Turmush -  Алай районундагы айымдар 15-19-май күндөрү профилактикалык медициналык кароодон өтүшөт. Дарыгерлер онкологиялык оорулардан жабыркаган 20-65 жаш курактагы 500гө чукул аялды кароодон өткөрүүнү пландап жатат. Аялдардын онкологиялык оорулардан көз жумган көрсөткүчүн дарыгерге өз убагында кайрылуу жана медициналык кароодон өтүү аркылуу азайтууга, алдын алууга болот, дешет уюштуруучулар.

«Алай ишкер айымдары» жана «Жалпыбыз рак илдетине каршыбыз» коомдук фонду тарабынан уюштурулуп жаткан медициналык кароо Бишкек шаарындагы Улуттук онкологиялык борбордун адистери тарабынан Гүлчө айылындагы үй-бүлөлүк дарылоо борборунда өтөт. Бир адам үчүн 400 сом өлчөмүндөгү акы алынып, аярлуу катмардагы аялдарды акысыз кароодон өткөрүү каралган. 

Ушундай саамалыкты күз айларында Чоң-Алай районунда да өткөрүү пландалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×