Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 05.04.2017 18:11

Алайдын тоолуу айылындагы окуучу И.Надырбек уулу тарых сабагы боюнча республикада биринчи болду (фото)

Turmush -  Алай районунун Ленин айыл аймагындагы Мурдаш айылында жайгашкан А.Жээнбеков атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу тарых предмети боюнча республикалык олимпиаданын 1-орунун ээледи.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досманбек Жээнбековдун айтымында, Алай районунан предметтик олимпиаданын республикалык туруна катышууга 4 окуучу жолдомо алган. Алардын ичинен А.Жээнбеков орто мектебинин 10-классынын окуучусу Исламидин Надырбек уулу тарых предметинен 1-орунду, Т.Жумабаев орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айпери Жаныбек кызы химия предмети боюнча 3-орунду камсыз кылган.

А.Жээнбеков орто мектебинин директору Медерали Абдыкайыровдун айтымында, республикада 1-орунду ээлөө мектептин тарыхында болгон эмес. «Бул окуучубуздун биринчилиги мектептин тарыхында алгачкы жолу болду. Буга чейин бир дагы окуучу республикалык олимпиадада биринчиликти алган эмес», - деди мектеп директору.

Исламидиндин атасы Надырбек Нурдинов уулунун ийгилигине кубанып жатканын кошумчалады.

«Исламидин эң чоң уулум. Байкелерин тартып тарыхты абдан жакшы көрөт. Анын ийгилигин угуп, жалпыбыз кубанып жатабыз», - деди атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×