Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 03.04.2017 13:33 На русском

Айыл турмушу: Алайлык жаш кол өнөрчү Алтынай жакындарын өзү жасаган буюмдарды тартуулап кубантат (фото)

Turmush -  Алай районундагы Жаңы-Арык айылынын 22 жаштагы тургуну Алтынай Акмамат кызы 3 жылдан бери кийизден капчыктардын түрүн, асем буюм салынуучу идиштерди жасайт. Аймактык кабарчы чебер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул өнөрдү жана оюу түшүрүүнүн ыкмаларын интернеттен үйрөнгөн. Керектелүүчү кездемелерди Бишкек шаарынан алдырат. Чеберчиликке кичине кезинен тарта кызыккандыктан, бош убактысында оюулардын түрлөрүн үйрөнүүгө аракет кылат.

«Бишкектен сапаттуу жана түстүү кийиздерди табууга болот. Андагы оюулар колго тигилет», - деди чебер айым.

Учурда өзү жасаган капчыктарды 300 сомдон жогору баалайт. Эмгектерин көбүнчө туугандарына, жакын санаалаштарына белек кылат.

«Алгач жасаган буюмдарды саткым келчү эмес. Жөн гана түрдүү кылып жасап койгонду жактырчумун. Бир жолу досумдун туулган күнүнө белекке өзүм буюм жасап берсем, башка кыздар бизге да жасап берчи деп суранышты. Ошондон кийин каалоочуларга буйрутма менен тигип бере баштагам. Баасы көлөмүнө жараша 300 сомдон жогору», - деди Алтынай.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×