Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 01.03.2017 08:40

Бүлөлү айыл өкмөтүнүн башчысы үчүнчү жолу шайланбай калды

Turmush -  Алай районундагы Бүлөлү айыл өкмөтүнүн башчысы үчүнчү жолу шайланбай калды. Бул тууралуу БШКнын Алайдагы атайын өкүлү Мамыт Молдобаев билдирди.

Анын айтымында, мындан улам жергиликтүү депутаттарды таратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кат жолдонду. Азырынча катка жооп келе элек. 14-февралга белгиленген шайлоодо кворум болбой калган. Учурда мурунку айыл өкмөт башчысы Таалайбек Абдраев айыл өкмөттү убактылуу башкарып жатат. Ал айыл өкмөт башчылыкка талапкерлигин койгон эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×