Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 07.02.2017 11:57

Алайдагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Б.Эмилов шайланды

Turmush -  Кечээ, 6-февралда Алай районунун Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Баймамат Эмилов шайланды. Бул тууралуу айыл өкмөттөн маалымдашты.

Кабарчыга маалым болгондой, шайлоого жалпы 8 депутат катышып, бары бир добуштан жалгыз талапкерди колдоп беришкен.

Б.Эмилов кесиби боюнча финансист-экономист. Ал буга чейин Сары-Таш айыл өкмөтүндөгү №960 жол тейлөө ишканасында башкы эсепчи болуп эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×