Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 01.02.2017 12:03 На русском

Алайдагы Бүлөлү айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды

Turmush -  Алай районундагы Бүлөлү айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Акбермет Токтосунова билдирди.

Анын айтымында, талапкерлер жетиштүү добушка ээ болгон жок.

«Айыл өкмөт башчылыкка Бакыт Артыков менен Каныбек Осмонов талапкерлигин койгон. Айылдык кеңеште жалпы 11 депутат бар. Шайлоодо эки талапкер 5тен добуш алып, депутаттардын бири экөөнө тең каршы добуш берген. Жыйынтыгында эки талапкер тең чыкканына байланыштуу айыл өкмөт жетекчиси шайланбай калды», - деди А.Токтосунова.

Бүлөлү айыл өкмөтүнүн башчылыгына кайрадан талапкерлер катталып, шайлоо өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×