Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 30.01.2017 17:55 На русском

Алайдагы Корул айыл өкмөтүн Жыргалбек Аскербек уулу жетектейт

Turmush -  Алай районундагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Жыргалбек Аскербек уулу шайланды. Бул тууралуу Алай аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү Мамыт Молдобаев кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөт башчынын кызматына 4 талапкер катталып, бирок 2 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан.

«Айыл өкмөт башчылыгына Жыргалбек Аскербек уулу менен Даниэль Алиев талапкерлигин койду. Айылдык кеңеште жалпы 21 депутат бар. Шайлоодо Жыргалбек Аскербек уулу 15 добушка ээ болуп, айыл өкмөт башчысы болду», - деди М.Молдобаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×