Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 28.01.2017 13:37

Алайдын Жошолу айыл өкмөтүнүн башчылыгына инженер-механик шайланды

Turmush -  Алай районундагы Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Турат Абдырахманов шайланды. Бул тууралуу Алай аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү Мамыт Молдобаев кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөт башчылыгына жалгыз талапкер катталып, депутаттар бир добуштан колдошту.

«Жошолу айыл өкмөтүндөгү кеңеште 21 депутат бар. Алардын баары Абдырахмановдун талапкерлигин колдошту», - деди ал.

Т.Абдырахмановдун кесиби инженер-механик. Буга чейин аталган айыл өкмөттө башкы адис болуп эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×