Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 27.01.2017 14:09

Алай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Б.Кеңешбек уулу уулу шайланды

Turmush -  Алай районунун Алай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Бектурсун Кеңешбек уулу шайланды. Бул тууралуу айылдык кеңештин төрөгасы Мусабек Атабаев билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөт башчылыгына 3 адам талапкер болду.

«Шайлоо 2 тур менен өткөрүлдү. Айылдык кеңеште жалпы 21 депутат бар. Айыл өкмөт башчылыгына Жумабек Тажибаев, Куштарбек Эрматов, Бектурсун Кеңешбек уулу ат салышты. 1-турда К.Эрматов 3 добуш алып четтетилди. Ал эми 2-турда Бектурсун Кеңешбек уулу 11 добушка ээ болсо, атаандашы 10 добушка ээ болду. Жыйынтыгында Бектурсун Кеңешбек уулу айыл өкмөт башчысы болуп шайланды», - деди ал.

Аталган айыл өкмөттү буга чейин Нурпазыл Кайыров жетектеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×