Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 26.01.2017 14:37 На русском

Алайдын Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Токтомамат уулу Нурмухаммед шайланды

Turmush -  Алай районунун Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Токтомамат уулу Нурмухаммед шайланды. Бул тууралуу райондун аппарат жетекчиси Нурбек Аданбай уулу билдирди.

Анын айтымында, шайлоо 2 тур менен өттү.

«Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчылыгына Алым Арыков, Нурмухаммед Токтомамат уулу, Асилбек Эшназаров, Заирбек Молдоташов, Элчибек Өмүрзаковдор талапкер болуп, 2-турга Нурмухаммед Токтомамат уулу менен Асилбек Эшназаров чыкты. Аталган айыл өкмөттө жалпы 21 депутат болсо, анын 13ү Нурмухаммед Токтомамат уулуна добуш беришкен. Ал эми Асилбек Эшназаров 8 добушка ээ болду», - деди ал.

Нурмухаммед Токтомамат уулу кесиби боюнча биолог жана экономист. Ал айыл өкмөт башчылыгына чейин Ош шаардык мэриясында муниципиалдык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп эмектенген. 1 жыл мурун иштен чыгып, жеке ишкерлик менен алектенип келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×