Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 26.01.2017 13:53

Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Р.Саитов шайланды

Turmush -  Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Рахматилла Саитов шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Алай району боюнча өкүлү Мамыт Молдобаев билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөт башчылыгына 3 талапкер койгон.

«Сары-Могол айыл өкмөттүнө Мырзакарим Тулемишов, Рахматилла Саитов, Кутманали Кенжебаев талапкерлигин койду. Айылдык кеңеште жалпы 11 депутат катышып, баары Рахматилла Саитовго добуштарын беришти. 2 талапкер 1 дагы добуш ала алышпады. Жыйынтыгында Саитов айыл өкмөт башчысы болуп шайланды», - деди Молдобаев.

Рахматилла Саитов кесиби боюнча айыл чарба адиси. Буга чейин аталган айыл өкмөттө финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы болуп келген.

Аталган айыл аймакта Тажикстандан келген этникалык кыргыздар жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×