Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 25.01.2017 14:35 На русском

Алайдын Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Д.Кеңешов шайланды

Turmush -  Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Даанышбек Кеңешов шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Алай раойну боюнча өкүлү Мамыт Молдобаев билдирди.

Анын айтымында, Талды-Суу айыл өкмөттүндө жалгыз гана талапкер көрсөтүлгөн.

«Талды-Суу айыл өкмөттүндөгү айылдык кеңеште 11 депутат бар. Баары шайлоого катышып, бир добуштан колдоп беришти. Мындан 2 күн мурун экинчи талапкер болуп катталган Иса Жумаев өз талапкерлигин алып койгон. Ошондон улам бир гана Даанышбек Кеңешовдун талапкерлиги көрсөтүлгөн», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×