Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 22.01.2017 14:34

Айыл турмушу: Алайлык мугалим жумушсуз аялдардан кол өнөрчүлөр тобун түздү (фото)

Turmush -  Алай районундагы Сопу-Коргон айылынын тургуну Гүлүмкан Ташиева айылдагы жумушсуз аялдардын башын бириктирип, «Кол өнөрчүлөр» кооперативин түздү. Мугалим кесибинин ээси Г.Ташиева чеберчиликтин сырларын бала кезинен өздөштүргөн. Учурда кооперативге мүчө болгон 11 уз-чебер кийизден сувенирлерди, шырдактарды жасап жатат. Кооперативдин ишмердүүлүгү менен аймактык кабарчы таанышты.

«Биздин айылда дарыгерлер менен мугалимдерге гана жумуш орундары бар. Кесипке ээ болбогон аялдар үйдө отурушат. Мен бала кезимден эле апамдан сайма сайганды, курак кураганды үйрөнгөм. Мектепти аяктаган соң чеберчилик менен алектенбей, мугалимдик кесипти аркалап калдым. Мектепте иштеп жүрүп кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүн сактап, өнүктүрүү боюнча бейөкмөт уюмдарга долбоор жазып, утуп алдым. 2009-жылы атайын «Кол өнөрчүлөр» кооперативин түзүп, айылдагы кызыккан аялдарды окутуп, үйрөтө баштадым. Кийин швейцариялык уюм менен биргеликте иштеп, аялдарга окууларды өткөрдүк. Азыр 11 аял кийизден түрдүү сувенирлерди жасап жатат», - деди ал.

Жай мезгилинде чет өлкөдөн келген туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн кооперативдин мүчөлөрү 3 конок үйүн да ачышкан.

«Биз жасаган буюмдарды ар кандай сынактарга алып барып турабыз. Райондо, облустарда өткөн сынактарга үзгүлтүксүз катышабыз. Жасаган буюмдарыбызды көбүнчө туристтер сатып алышат. Биз туристтер үчүн, иш сапар менен келген ишкерлер үчүн атайын конок үйүн да ачтык. Жай мезгилинде 2-3 күндүк турларды уюштуруп, туристтерди айылдагы кооз жерлерге алып барып тааныштырып келебиз», - деп кошумчалады ишкер айым.

Ал чеберчилик менен алектенүүгө жөндөм болушу керек, деп эсептейт.

«Кооперативде чыдамкай аялдар эмгектенет. Анткени биздин жасаган буюмдар дароо эле сатыла калбайт. Кардар келгенде гана каражат табышат. Кол өнөрчүлүк өтө майда иш. Чыдамкайлыкты көп талап кылат», - деди Г.Ташиева.

54 жаштагы Г.Ташиева 5 баланын апасы. Кооперативдин ишинен тышкары мектептеги окуучуларга орус тилинен сабак берүүгө жетишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×