Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 14.01.2017 10:27

Айыл турмушу: Алайда Н.Маматованын тамак-ашты узак убакытка ысык сактоочу түйүнчөктөрүнө кызыккандар көп (фото)

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну Назгүл Маматова тамак-ашты жылуу температурада узак убакытка сактай алуучу түйүнчөктөрдү жасайт. Өзгөчө ыкма менен жасалган түйүнчөктөр, 4-5 саат бою тамаш-ашты муздатпай сактайт. Бул тууралуу ал аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, ал мындай түйүнчөктөрдү жасоону атайын курстан үйрөнгөн.

«Мен "Алай ишкер аялдар" коомунда мүчөмүн. Бизге өткөн жылы Бишкектен келген адистер түйүнчөк жасоону үйрөтүштү. Учурда мындай түйүнчөктөрдү айылдагы туугандарыма, кошуналарга жасап берип жатам. Ал айылда өтө пайдалуу буюмга айланып, устага, ооруканага баргандар тамак-ашты ысык алып барып бергенге ыңгайлуу», - деди ал.

Учурда аларды жасоого Назгүл айымдын колу көнүп калды.

«Түйүнчөктү жасоого флизелин, пахта кездеме, пенопласттын майдасы керектелет. Флизелиндин эки капталы желим болгондуктан пенопласттын майдасын төшөп чыгабыз. Бул абаны киргизбей, тапты жакшы сактап берүүгө жардам берет. Андан соң идиштин көлөмүнө карап пахта кездемени кыркып алып, флизелинди салып тигип коебуз. Даярдалган кездеменин ичине идишти салып, ороп алып кете беребиз. Мен азыр үйдөн иштеп, идиштин көлөмүнө жараша бир түйүнчөктү 500 сомдон жасап сатып жатам. Кызыккандар көп болууда», - деди Н.Маматова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×