Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 07.01.2017 13:48

Айыл турмушу: Алайлык Г.Мадраимова жасаган шырдактар Австрияга чейин сатылууда (фото)

Turmush -  Алайдын Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Кердегей айылынын тургуну Гүлбарчын Мадраимованын колунан жасалган шырдактар Австрияга чейин жөнөтүлөт. Интернет аркылуу буюртма алган Гүлбарчын айым чеберчиликтин сырын апасынан үйрөнгөн.

Учурда айыл эли да кызга сеп даярдоо, шырдак тигип берүү суранычы менен кайрылышат. Чебер айымдын ишмердүүлүгү менен аймактык кабарчы таанышты.

Үй-бүлөдө жалгыз Гүлбарчын айым апасынын жолун жолдогон. Ал алгачкы жолу 6-классында байпак түйүп сатып, 15 рубль тапкан. «Мен бала кезимде апамдын жанында жүрүп, чеберчилик өнөрүн үйрөндүм. Апамдан эрте ажырап калсам да, анын өнөрүн өмүр бою алып жүрөм. Кичинекей кезимден тартып жүн ийрип, байпактарды түйүп калчумун. Эсимде калганы алгачкы жолу 6-классымда байпак түйүп, 15 рубль тапкам. Ошондон бери чеберчилик менин жашоомо айланды. Өзгөчө кыргыздын тарыхын, жашоосун чагылдырган кыргыз шырдактарына жакынмын. Шырдак көп эмгекти талап кылган майда иш», - деди ал.

Айыл ичинде уз-чебер аталган Гүлбарчын айымдын жасаган шырдактары немис улутундагылардын да кызыгуусун арттырууда.

«Мени Австрия мамлекети менен Бактыгүл Дүйшеева байланыштырды. Ал кыз Австрия мамлекетинде билим алат. Бактыгүл мен жасаган шырдактарды көрүп калып, ага кызыккан Австрияда жашаган немистерди алып келди. Немистерге менин шырдактарымдын сапаттуулугу жакты. Андан улам эки жылдан бери интернет аркылуу буюртма алып, 1 чарчы метр шырдакты 230 долларга жасап берем. Көлөмүнө жараша шырдактардын баасы көтөрүлөт», - деди Г.Мадраимова.

Чебер айым шырдак боюнча өткөрүлгөн сынактарга калтырбай катышып келет. Ал өзү түндүк көтөрүп, боз үй да жасаган. Кесиби боюнча биолог, 5 баланын энеси. Келечекте жүн иштетүүчү кооператив түзүүнү максат кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×