Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 06.01.2017 08:29 На русском

Алайдын Правда айылында салтка айланган көк бөрүнүн байгесине 2 унаа коюлду (фото)

Turmush -  Алай районунун Правда айылында Гүлчө айыл өкмөтүнүн тургундарынын катышуусу менен чоң масштабда көк бөрү оюну өткөрүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Канатбек Капаров аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, салтка айланган көк бөрү оюнуна быйыл 26 команда катышты. Быйыл мелдешти Гүлчө айыл өкмөтүнүн 1981-жыл туулган жигиттери уюштурушкан. Байгеге 2 унаа, тай, тиричилик техникалары коюлган.

«Көк бөрү оюну 3-январь күнү башталган. Көк бөрүгө Гүлчө айыл өкмөтүнүн гана балдары катыша алышат. Оюнду 1974-жылы туулган агаларыбыз баштап беришкен, ошондон бери жыл сайын уланып келет. Байгеге 1974-1985-жылы туулган балдарга 1 унаа, 1986-1999-жылы төрөлгөндөргө 1 унаа коюлду. Оюн өтө кызыктуу өттү. Ар бир катышуучу үчүн белектер даярдалган», - деди К.Капаров.

Көк бөрү кечээ, 5-январда жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×