Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 21.12.2016 15:06 На русском

Азия чемпионатына кеткен алайлык окуучу менен атасы медаль тагынып келишти (фото)

Turmush -  Алай районунун тургуну Аида Калдыбаева Россиянын Тоолуу-Алтайында өткөн тогуз коргоол боюнча Азия чемпионатында 3-орунду ээледи. Ошондой эле, эл аралык «Алтын-Алтай» мелдешинде алтын медалга ээ болду.

Спортчунун атасы — тогуз коргоол боюнча машыктыруучу Дүйшөнкул Калдыбаев да якуттардын улуттук «хабылык-камышка» оюнуна катышып, алтын медалга жетишти. Бул тууралуу Алай райондук балдардын дене тарбия мектебинин жетекчиси Эргеш Мадышов аймактык кабарчыга билдирди.

«Алай районунан Аида Калдыбаева өлкөнүн тогуз коргоол боюнча өспүрүмдөр курама командасына кирген. Россиянын Тоолуу-Алтайында өткөн мелдеште машыктыруучусу экөө тең алтын медалга ээ болуп келишти», - деди ал.

Алтын тагынган Д.Калдыбаев якуттардын оюнун кыргыздын топ таш оюнуна окшоштурду.

«Кыргызстандан курама команда бардык. Өспүрүмдөр арасындагы тогуз коргоол боюнча Азия чемпионатына Ош облусунан 2 кыз катышып, 3-орунду багындырышты. Мындан сырткары, Алтайда «Алтын-Алтай» аталыштагы эл аралык турнир да болду. Анда, өспүрүмдөр арасында кызым Аида Калдыбаева 1-орунга жетишип, алтын медалга ээ болду.

Чоңдор арасында якуттардын «хабалык-камышка» улуттук оюну боюнча да мелдеш өткөрүлдү. Мен биринчи жолу алардын улуттук оюнун ойноп көрдүм. Үч күн даярданып, жыйынтыгында алтын медалга ээ болдум. Менде кыйынчылыктар болгон жок. Анткени ал оюн кыргыздын топ ташына өтө окшош экен», - деди Д.Калдыбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×