Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 17.12.2016 16:28 На русском

Айыл турмушу: Алайлык А.Эргешов 15 жыл мурун көчөт тигүүдөн мол киреше берген бал аары багууга өткөн (фото)

Turmush -  Алай районунун Корул айыл өкмөтүндөгү Кең-Жылга айылынын 70 жаштагы тургуну Аттокур Эргешов 15 жылдан бери бал аары багат. Карыя буга чейин көчөт тигип, аны сатып келген. Көчөткө караганда бал аарыдан тапкан киреше көп болгонун байкаган.

Аз эмгекти талап кылган бул жумуштун сырлары тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Чырпык тигип, көчөт кылып сатканда пайда жакшы түшчү эмес. Бирок абдан көп мээнетти талап кылчу. Бат-баттан сугарып, дарылап турчумун. Карылыкка моюн сунуп, мурункудай күчүм калбай баратканда 2 бал челек сатып алдым. Зарылчылык барын үйрөтөт экен. Китептерин таап окуп, балчылардан кеңеш сурап жүрүп бат өздөштүрүп кеттим. Байкасам пайдасы жакшы экен. Кийинки жылдан тартып бал челектердин санын көбөйтүп баштадым. Биздин тоолуу аймак бал аары кармаганга ыңгайлуу болгондуктан кыйынчылык жараткан жок», - деди аксакал.

Аарыларга мезгил-мезгилине карап кам көрүү керек. Дарылоо иштерин жүргүзүүдөн сырткары тамактандырып турат. Бал аарылардын негизги тамагы —  кумшекер. Кышкысын 50 бал челек аарыга 20 килограммдан ашуун кумшекер керектелет. Кышка карата аарылар өздөрү да даярданышат.

«Бал алуунун сезону июнь, июль айлары. Бул убакта бир бал челектен 7-8 миң сом алса болот. Жакшы бал алуу үчүн алдын ала көбөйтүү процесси жүрөт. Аары багуу мал багууга караганда чыгымы аз, кирешеси көп болот. Малга кыштын күнү да жем берип, алдын кургактап турасың. Ал эми, аарыларды жылуу жайга киргизип койсоң, кыш бүткөнчө ачпайсың. Күн жылыганда ачып, жугуштуу оорулардын алдын алуучу дарылануудан өткөрөбүз. Бир челектен 25-50 килограммга чейин бал алабыз.

Бал аарылардын чакканы адамга пайдалуу. Биз көнүп калганбыз. Кээ бир адамдарды чакса аллергия болот. Бул жаатта жакшы тажрыйбам жок болгондуктан башка адамдарды чактыруудан чоочулайм. Кандай даарылык касиети бар экенин билбей туруп “пайдалуу экен” деп келгендер болот. Кандай ооруга, кантип чактыруу керек экенин сурасам билишпейт. Бир нерсе болсо жооп бербейм деп айтам», - деди балчы карыя.

А.Эргешовдун айтымында, аарылар 3 чакырым алыстыктагы гүлдөрдүн жытын сезе алышат. Кожоюнунан башка адамдардын кыймыл аракетинен эле баамдап, айырмалашат жана тынчтыкты, тазалыкты сүйүшөт.

Балчы ата жылына эки балчыны жанына алып, бал алуунун сырларын үйрөтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×