Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 12.12.2016 10:06

Чоң-Алайдагы Кабык орто мектебинде билим берүү токтотулган жок, - директор

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Кабык орто мектебинде билим берүү процесси улантылып жатат. Бул тууралуу аталган мектептин директору Бүайша Койчубаева билдирди. Анын айтымында, окуу 2 күнгө гана токтотулган.

«Биздин мектепте окуу үзгүлтүккө учураган жок. Жылуулук системасы орнотулган учурда гана 2 күн сабак өтүлгөн жок. Калган күндөрү билим берүү үзгүлтүксүз улантылып жатат. Артта калган эки күндүк программа дагы окутулат. Мектепте жалпы 140 окуучу бар. Ар бир класста 8-10-15тен гана окуучулар окуйт», - деди Б.Койчубаева.

Буга чейин жергиликтүү тургундар Кабык орто мектебинде билим берүү процесси убактылуу токтотулганын, мындай чечим мектептеги жылуулук түтүктөрү алмаштырылып жатканына байланыштуу экенин билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×