Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 11.12.2016 13:06

Ош облусунун жетекчиси Алайда добуш берди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 11-декабрда эртең мененки саат 8:00дө Алай районунун бардык аймактарындагы шайлоо участокторунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум башталды.

Аталган тилкедеги эң улуу шайлоочу Жаркынбай ажы Момунов жана эң жаш шайлоочу Акбермет Дүйшөнбекова болду, деп билдирди кабарчы.

Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов да райондун борборундагы №5479 Нооруз шайлоо участогунда добуш берди.

Бүгүн, 11-декабрда Кыргызстанда 22 шаардык жана 389 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өтүп жатат. Саат 08:00дө башталган добуш берүү саат 20:00дө аяктайт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×