Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 07.12.2016 16:32

Айыл турмушу: Алайда 35 жыл мугалим болгон С.Сакенова пенсияга чыккандан бери кайрымдуулук иштер менен алек (фото)

Turmush -  Алай районунун тургуну, 5 баланын апасы Сулуукан Сакенова 35 жыл мектепте мугалим болуп эмгектенип, пенсияга чыккан. Эс алууга чыкканда убактысын пайдалуу өткөрүүнү көздөгөн мугалим «Эл тагдыры» фондун түзүп, кайрымдуулук иштери менен алектенип баштаган.

Ал балдар үйүндө тарбияланган, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөгү балдарга колдоо көрсөтөт. Ошондой эле, айылдардагы ата-энелер менен жолугушуп, балдарын билимдүү кылып тарбиялоого үндөйт.

«Орто билимге ээ болгондон кийин Ош шаарындагы педагогикалык институттан физика-математика адистиги боюнча жогорку билимге ээ болдум. Жолдошумду да жогорку окуу жайдан таптым. Тайпалашыма тагдырлаш болуп, түтүн булатып келе жатабыз. Мен Алайдын келинимин. 35 жыл мектепте матиматика сабагынан балдарга билим бердим. 2005-жылы пенсияга чыгып, жолдошум менен ажылык сапарга барып, парзыбызды аткарып келдик. Ошол эле жылы «Эл тагдыры» фондун ачып, айылдагы лидер айымдар менен иштешип келем. Айылдарга барып, кайненелер, келиндер менен жолугуп, мамиле түзүүнү үйрөтүп, балдарын билимдүү кылып тарбиялоого чакырам», - деди ал.

Ошондой эле, С.Сакенова учурда Ош шаарындагы «Боорукердик» балдар жана карылар үйүнө жардам көрсөтүп, Кара-Суу районундагы Насыр Пиримбердиев атындагы мектепке балдардын билим алуусуна түркү берүү үчүн стипендия берип турат.

«Сулайман-Тоонун алдындагы көзү азиз жарандарга да мүмкүнчүлүккө жараша жардам берип турабыз», - деди С.Сакенова.

Анын эмгектери эске алынып, быйыл Кыргызстан аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышованын колунан «Жылдын мыкты айымы» төш белгисин алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×