Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 06.12.2016 13:14

Алай районунда депутаттыкка талапкер 23 аял чыкты

Turmush -  Алай районунда жергиликтүү кеңештин депутаттыгына 23 аял талапкерлигин койду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Алай районундагы өкүлү Мамыт Молдобаев билдирди.

Анын айтымында, 11-декабрда Алай районундагы 11 айыл өкмөттө жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланат.

«181 мандатка 531 адам талапкерлигин койду. Анын ичинен 23ү аялдар. Учурда добуш берүүчү тилкелер даярдалып, экиден урналар орнотулду. Район боюнча 14 айыл өкмөт бар. Будалык, Коңур-Дөбө, Кабылан-Көл айыл өкмөттөрүнөн башка айыл өкмөттөрдө шайлоо болот», - деди М.Молдобаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×