Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 30.11.2016 08:36

Айыл турмушу: Алайдагы мектептин директору, уста жана музыкант З.Сарыбаев чынылардан музыка чыгарган өнөрү менен таң калтырат (фото, видео)

Turmush -  Алай районундагы Күң-Элек айылынын тургуну Замир Сарыбаев чынылардан музыка чыгарган өнөрү менен таң калтырып келет. Бул өнөрүн 30 жылдан бери тартуулап жүрөт. Ал айылындагы Сапар Карыев атындагы орто мектепте директорлук кызматты аркалап, окуучулардан 14 инструментти черте алган улуттук-фольклордук ансамбль түзүүгө жетишкен. Музыканттардын үй-бүлөсүнөн чыккан чыгармачыл Замир мырза менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын музыкага болгон шыгы бала чактан башталган.

«Биздин үй-бүлө чыгармачыл инсандар. Ата-энем дагы музыка жандуу адамдар. Биздин үй-бүлөлүк ансамблибиз да бар эле. Апам ооз комуз ойносо, калганыбыз түдүү аспаптарда кол ойнотобуз. Менин музыкага болгон кызыгуум кичинекейимде эле башталды.

Мектептен 8-классты аяктаган соң Ош шаарындагы музыкалык окуу жайдан билим алдым. Бир күнү үйдө олтуруп, чыныдан чыккан үндү кулагым чалып калды. Ошондон кийин чыныларды топтоп алып, нотасын аныктап чыгып, музыкаларды чынылардын жардамында аткара баштадым. Мажордук, минордук музыкаларды аткарганда күүгө келтирүү үчүн чынылардын ордун алмаштырып турабыз. Чынылардын жардамында өзгөчө уккулуктуу музыканы аткарууга болот. Ошондон тартып улуттук аспаптардын катарына чыныларды да кошуп ойноп келем», - деди ал.

1

Замир Сарыбаев 16 жылдан бери С.Карыев орто мектебинде директор болуп эмгектенет. Окуучулардан түзгөн улуттук-фольклордук музыкалык ансамбли облустук кароо-сынактарда ар дайым биринчи орундарды камсыз кылат.

«Мектептеги ансамблге 3-класстан тартып музыкага шыктуу окуучулар тандалып алынат. Бул топ улуттук музыканы даярдап аткарышат. Өлкөдө алкачкылардан болуп кыргыз санжырасын обонго салып алып чыктык. Мындан сырткары, окуучулар "Манас" эпосунан да үзүндүлөрдү аткарышат», - деди Замир мырза.

2

Ал ата жолун жолдоп, жыгач менен иштөөнү да өздөштүргөн. Анын колунан жаралган өзгөчө боз үйлөр республикалык деңгээлде өткөн сынактарда алдыңкы орундарды камсыз кылып жүрөт.

«Атам уста болгондуктан мен да атамдан жыгач устачылыктын сырын өздөштүрдүм. Боз үйдүн жыгачын биз даярдасак, апам боз үйдүн жасалгаларын жасап, Москвага чейин барып алтын медаль алып келген. Биз тиккен 8 канат боз үй II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда эң мыкты жасалгалуу үй деп табылып, экинчи орунду алып келдик. Апам Калбү Үркүнбаева боз үйдүн жасалгасын кыздарына үйрөтсө, атам өз өнөрүн уулдарына үйрөттү», - деди З.Сарыбаев.

Каарманыбыз талыкпаган эмгектен арты менен «Маданияттын мыктысы», «Билим берүүнүн мыктысы», «Профсоюз кыймылынын мыктысы» төш белгилери менен сыйланган. Мындан сырткары, ырларга обон чыгарып, автордук ачык сабактарды элге жайылтып келет. Учурда 20 обондуу ырдын автору. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын үчүнчүсү. Үй-бүлөлүү, 8 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×