Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 07.11.2016 12:39

Айыл турмушу: Алайлык К.Жолуев кирешелүү топоздордун санын 60тан ашырды (фото)

Turmush -  Алай районундагы Кызыл-Алай айылынын тургуну Каримжан Жолуев беш жылдан бери топоз багуу менен алек. Учурда топоздордун саны алтымыштан ашты. Алайда ысыкка, суукка чыдамдуу болгону үчүн топоз баккандар көп, деди ал.

«60 топозду Каракол жайлоосунда карап, кышкысын ит-куштар көбөйгөндө мамалактарын бөлүп алып, үйдөн чөп салып багам. Жазында кайрадан энелерине кошом. Катаал шартка чыдамдуу болгон топоздорду көп жылдан бери багып келе жатам. Алар жайы-кышы тоодо болот. Ошондуктан анын эти бодо малдыкына караганда даамдуураак жана витаминдүү келет. Топозду эт багытында пайдаланам. Керек болгондо сатып, тамак-ашка жумшайм. Бир топоз сатсам турмуш-тиричиликке жетет. Беш жыл мурда атамдын 5-6 топозун карап жүрүп көбөйткөнгө кызыккан эмесмин. Карышкырга жедирип жүрө бергенбиз. Кийин Каракол жайлоосуна келип, кышы-жайы менен жашап калдым. Ошол убактан баштап топоздорду көбөйтүүгө кириштим.

Беш жыл ичинде карышкырларга үч-төрттөн топоздорду жедирип алган учурлар болду. Топоздун чоңдору өздөрүн коргой алышат. Бирок, мамалактары коргоно албай калат. Карышкыр, чөөлөр кышкысын көбөйгөндө малдарды коргоо үчүн артынан түшүп карайм. Жайкысын жырткычтар азайып, көп коркунуч туудурбай калат.

Башка малдарга салыштырмалуу топоз өзгөчө жандык. Аны кармоо үчүн үйүрү менен айдап келебиз. Антпесе жалгыз карматпайт. Бир топоз 3 литрге чейин сүт берет. Анын сүтү коюу болгондуктан уйдун сүтүнө кошуп, айран, курут, май жасашат. Анын сүтүнөн жасалган май, курутту көп сурашат», - деди К.Жолуев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×