Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 03.11.2016 17:12

Ж.Өмүрзаков Жошолу айыл өкмөтүнүн башчылыгынан кетип, башка кызматка дайындалды

Turmush -  Алай районундагы Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Жүрсүн Өмүрзаков мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кетти. Бул тууралуу Алай районунун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов билдирди.

Кабарчыга маалым болгондой, Ж.Өмүрзаков кызматын тапшырып берип, Алай райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды.

Учурда Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу Турат Абдырахманов аткарууда.

Ж.Өмүрзаков райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп 28-октябрда дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×