Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 30.09.2016 16:16

Алайдын алыскы айылындагы бала бакча республикалык сынакта 3-орунду ээледи (фото)

Turmush -  Алай районунун Ленин айыл өкмөтүндөгү «Жоогазын» бала бакчасы республикалык сынакта 3-орунду камсыз кылып, 40 миң сом менен сыйланды. Бул тууралуу аталган бала бакчанын жетекчиси Назира Сакенова аймактык кабарчыга билдирди.

бала1

«Өлкөдөгү бала бакчалар арасындагы сынак 4 тур менен өткөрүлүп, документациялык иштер, ата-энелер менен иштөөнүн сырлары, көмөкчү чарба, күнөсканалар боюнча маалымат бердик. Сынакка 7 облустагы жана Ош, Бишкек шаарларындагы мыкты делген бала бакчалар катышты. 

Жыйынтыгында 1-орунду Чуй облусу, 2-орунду Бишкек шаары, 3-орунду Ош облусунан барган биздин бала бакча камсыз кылды», - деди Н.Сакенова.

«Жоогазын» бала бакчасы облуста өткөн сынакта 1-орунду алып,  республикалык турга жолдомо алган.

«Жоогазын» бала бакчасы

41

42 43 44
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×