Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 03.09.2016 13:44

Айыл турмушу: Алай районундагы той-мааракелер К.Абдыразаков жасаган грилсиз өтпөйт (фото)

Turmush -  Алай районунда той-мааракелер Канатбек Абдыразаков жасаган грилсиз өтпөйт. Канат мырза гриль, шаурма бышыруунун сырларын Түркиядан, Москвадан үйрөнгөн. Бул тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.  

«Мен өзүм Гүлчөдөн болом. Орто мектепти да ушул жерден аяктагам. Бишкек шаарынан университетти бүтүрүп, Түркия мамлекетинде да билим алып келгем. Түркияда студент болуп жүрүп гриль жасаганды үйрөндүм. Стамбулдагы телеканалдардын биринде режиссер да болуп эмгектендим. Кийин 1999-жылы КТРКда режиссерлук кызматты аркалап, 2010-жылдары Москва шаарындагы араб ашканасында түрктөр менен бирге ашпозчу болуп иштедим», - деди К.Абдыразаков.  

Ал турмуш шартка байланыштуу 6 жылдан бери Гүлчөдө жашап жатат. Андан бери элдин капчыгына ылайыктап, арзан баада гриль жасайт.  

«Учурда жердештериме электрик катары кызмат көрсөтөм. Андан тышкары буюртма менен ресторандарда той болгон учурда гриль бышырам. Грилди бышыруу деле оңой иш эмес. Этти бир күн мурун даярдап, эртеси бышырабыз. Шаардагы 450 сомдук грилдерди 300-350 сомдон сатабыз», - деди К.Абдыразаков.  

Буюртма берүүнү каалагандар К.Абдыразаков менен (0559) 769 346 номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×