Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 02.09.2016 15:18

Айыл турмушу: Гүлчөлүк сүрөтчү мугалим Ч.Козукеевдин өнөрканасына саякат (фото)

Turmush -  Алай районундагы Гүлчө айылынын 39 жаштагы тургуну Чыныбек Козукеевдин сүрөтчүлүк өнөрү бала кезинде байкалган. Анын шыгын байкаган ата-энеси 8-класста Бишкек шаарында ачылган сүрөт мектеп-интернатына окууга жөнөткөн. Сүрөтчүлүк жаатта билим алган Чыныбек мырза учурда өзү өскөн айылда жеткинчектерге билим берүүдө.

«Менин кесибим скульптор. Кичинемден эле сүрөтчүлөр чөйрөсүндө өстүм. Мага сүрөтчүлүктү Майрам деген эжекем үйрөткөн. Сүрөтчүлүктү терең үйрөнүү максатында Бишкектен сүрөтчүлөр академиясында окуп келдим. Турмуш-шартыма байланыштуу айылдан үй-бүлө күтүп, сүрөтчүлүктү балдарга үйрөнүп жатам», - деди ал.

Учурда сүрөтчүлөргө жетиштүү көңүл бурулбай жатат деген пикирин кошумчалады.

«Мен учурда Алай райондук маданият үйүндө башкы сүрөтчү болуп эмгектенем. Биз кадр сыртында эмгектенебиз. Интермедияларды аткарган каармандардын кийимдеринен тартып, калкандарына чейин ойлонуштуруп чыгам. Бирок, акыркы убактарда сүрөтчүлөргө маани берилбей, бардык ишти техника аткарып калды», - деди Ч.Козукеев.

Таланттуу балдардын сүрөтчүлүк жөндөмүн ойготкон мугалим алдыңкы окуучуларынын жогорку билим алышына салым кошууга аракет кылат.

«Менин 18 окуучум бар. Аларга сүрөтчүлүк өнөрдүн композиция, пейзаж, портрет сыяктуу түрлөрүн окутам. Дилгир балдар дароо эле байкалат. Алар менен иштешүү өтө кызык. Окуучуларым менен чоподон, гипстен жаныбарлардын, адамдардын сөлөкөттөрүн дагы жасайбыз», - деди сүрөтчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×