Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 30.08.2016 19:14

Айыл турмушу: Алайлык Ж.Ильязова шоколад менен жасаган өзгөчө букеттер

Turmush -  Алай районундагы Гүлчө айылынын тургуну Жаннат Ильязова шоколаддан өзгөчө букеттерди жасоо менен алек. Шириндикти сүйгөн айымдарга мындай өзгөчө букеттерди тартуулоо үчүн мырзалар көбүнчө майрамдарда буюртма беришет. Жаннат ишмердүүлүгү тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

«Шоколаддан жасалган букеттерди көбүнчө туулган күн ээлерине алышат. 8-март күнү буюртма көп түшөт.

1 букетте 7 даанадан 33кө чейин гүл болот. Биз түстүү кагаздан гүлдөрдү жасап, шоколаддарды желим менен жармаштырып чыгабыз», - деди ал.

Букеттердин баалары гүлдүн санына карап бычылып, 250-500 сомго чейин сатылат.

Жаннат айым мындан сырткары кыздардын чачтарын түрлөп жасайт. Ага келип чачын жасатып кеткендер да көп. Андан улам Гүлчөдө сулуулук салонун ачкан. Өзү кесиби боюнча медицина кызматкери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×