Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 25.08.2016 09:25

Айыл турмушу: Алымбек менен Курманжан датканын чет өлкөлөрдөн бери алынып келген буюмдары Алайдагы музейде сакталуу (фото)

Turmush -  Алайдагы музейде Алымбек датка менен жубайы Курманжан датканын кийген кийимдеринен баштап, колдонгон идиш-аяктарына чейин сакталуу. «Курманжан датка» атындагы тарыхый-этнографиялык музейдеги буюмдардын көпчүлүгү элден чогулган. Ал эми, айрым буюмдары чет мамлекеттерден алынып келген, деп билдирди музейдин директору Алтын Молдокулова аймактык кабарчыга.

«Музейде сакталган буюмдарга аяр мамиле жасайбыз. Аларды кийинки муунга, тарыхка калтыруу үчүн көздүн карегиндей сакташыбыз зарыл. Алымбек, Курманжан даткалар кандай кийимдерди кийип, кандай буюмдарды колдонгонун, элге кылган эмгектерин келечек муунга жеткирүүнү көздөйбүз. Бул буюмдардын ичинде Кытайдан, Тажикстандан алдырып келгендер бар. Көпчүлүгүн Алайдын элинен топтогонбуз. Учурда дагы эл арасынан алардын буюмдары чыгып жатат.

Музейде Алымбек датканын кийген тондорунан баштап, өтүгүнө чейин сакталуу. Ошондой эле, Курманжан датканын баш кийиминен тартып, колдонгон идиш-аяктарынын түрлөрү турат. Музейди көрүүгө келген коноктор көп. Айрыкча Гүлчөдө үйлөнүү тойлор болгондо жаштар сөзсүз түрдө музейди көрүп, таанышып, сүрөткө түшүп кетишет», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×