Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 24.08.2016 11:10

Алайлык англис тилчи Э.Маматова 10 жылдан бери тогуз коргоол мелдештерине катышып, быйыл республикада биринчи болду (фото)

Turmush -  Алай районунун Корул айылынын тургуну Элнура Маматова англис тили сабагынан мугалим болгонуна карабай, 10 жылдан бери окуучуларга тогуз коргоол үйрөтөт. Бул тууралуу ал аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

Кечээ, 23-августтагы август кеңешмесинде Э.Маматова тогуз коргоол боюнча мугалимдер арасындагы республикалык мелдеште 1-орунду ээлегендиги үчүн «Тогуз коргоол чебери» наамынын күбөлүгүнө ээ болду.

«Тогуз коргоол адамды тактыкка, чынчылдыкка үйрөтөт. Математиканы жакшы билбеген адам тогуз коргоол ойной албайт. Ар бир ташты эсеп менен жылдырбасак каршылашыбыздан утулуп калышыбыз ыктымал.

Мен мугалимдер арасында өткөн тогуз коргоол боюнча мелдештерге 10 жылдан бери катышып келем. Мени тарбиялап, ушул даражага жеткирген устатым Калдыбай Дүйшөнөв агай. Быйыл Чолпон-Ата шаарында өткөн мелдеште командалык эсеп менен да, жекелик эсепте да 1-орунду камсыз кылдым. Бүгүн мага "Тогуз коргоол оюнунун чебери" деген күбөлүк беришти. Аябай кубанычтамын», - деди ал.

Элнура айым кесиби боюнча англис тил мугалими. Учурда Корул айылындагы Ж.Орозов мектебинде эмгектенет. Бош убактысында тогуз коргоолго кызыккан окуучуларына оюндун сырларын үйрөтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×