Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 22.08.2016 13:30

Айыл турмушу: Алайлык чебер Ч.Ыдырысова апасынан калган курактарды 40 жылдан бери сактап жүрөт (фото)

Turmush -  Алай районунун Согонду айылынын тургуну Чынара Ыдырысова апасынан калган курактарды 40 жылдан бери сактап жүрөт. Апасынын жолун жолдогон Чынара айым чеберлер арасында түрдүү сынактарды өткөрүп турат. Бул тууралуу ал аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, куракчылык адамды сарамжалдуулукка тарбиялайт.

«Менин апам мыкты чебер аял болгон. Илгери энелерибиз кийимден ашкан кездемелерди ыргытып жибербей сарамжалдуулук менен пайдаланып, курак курап чыгышкан. Түрдүү кездеменин кыркындыларын улап жаздык, туткучтарды жасап пайдаланышкан.

Мындан 40-50 жыл мурун фрунзе деп аталган курак мода болчу. Учурда менде апамдын фрунзе курагы сакталуу.

Убакыттын өтүшү менен курактардын да түрлөрү пайда болду. Ала-Тоо, фрунзе, арча, тумар, жылдыз курактарын курап жатам. Курак куроо оңой иш эмес. Ар бир кесимди бирдей кеспесең курагың кыйшык болуп, көрксүз болуп калат. Курак дыкаттыкты өтө талап кылган жумуш», - деди ал.

Чынара Ыдырысова 5 баланын апасы. Кыздары дагы апасынын жолун жолдоп, чеберчилик менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×