Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 16.08.2016 16:57

Айыл тумушу: Алайлык мүнүшкөр Тагай Жороев: Ачка калган бүркүттөр баккан адамга кол салышы мүмкүн

Turmush -  Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн тургуну Тагай Жороев ата-бабанын өнөрүн улап, 10 жылдан бери бүркүт таптайт. Бүркүттөрүнө суурдан тартып, карышкырга чейин алдырганын Turmush басылмасынын кабырчысы менен болгон маегинде билдирди.

«Мен жаштайымдан эле мүнүшкөр болууга кызыгып, бүркүт таптоонун сырын бүркүтчүлөрдөн үйрөнө баштадым. Алгыр, күчтүү бүркүт таптоо үчүн анын уясынан алуу керек. Балапан алуу өтө опурталдуу, анткени бүркүттөр адам жеткис аска-зоолорго уялайт.

Мен алгач ителги багып, андан соң бүркүт бага баштадым. Эң күчтүүсү Палван деген бүркүт болду. Ал карышкырга чейин алып, бир күндө 2ден түлкү кармачу. Кийин өлүп калды. Ошондон кийин мүнүшкөрлүктү токтоттум.

Карап көрсөм балдарыбыз аңчылыкты, бүркүт таптоону унутуп бараткандай. Кайра мүнүшкөрлүктү жаш муундарга үйрөтүү үчүн өткөн жылы Чоң-Алай тоолорунан бүркүттүн балапанын алдырдым. Азыр мендеги бүркүткө бир жыл толуп, гума төлөк (1 жаштагы бүркүттүн аталышы) болуп калды. Куйругу ак болгондуктан Ак куйрук деп атап койдум. Бүркүттү таптай баштаганда жаңы союлган гана малдын эти берилет», - деди ал.

Мүнүшкөрдүн айтымында, колго тапталган бүркүттөр ачка калганда адамдарга да кол салышы мүмкүн.

«Бүркүт жаштайынан адамдын колунан тамактанып, үйүр алып калат. Андыктан курсагы ач калганда кол салышы мүмкүн. Көзүнө ар дайым томого (бүркүттүн көзүн жаап туруучу жабдуу) салып турабыз. Ууга чыкканда алгач майда жаныбарлардан алдыртып үйрөтөбүз.

Учурда Ак куйрук суур, коендорду алат. Бүркүттөр олжосун эч качан кое бербейт», - деди Т.Жороев.

Мүнүшкөрлөр бүркүттүн жашын 5ке чейин эсептешет. Алар: 1 жаш  - гума түлөк, 2 жаш  -  бозум төлөк, 3 жаш - таш төлөк, 4 жаш - кум төлөк, 5 жаш - барчын.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×