Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 13.08.2016 11:53

Алайда өзгөчө уюштурулган «Улуу мурас» фестивалынан фоторепортаж

Turmush -  Бүгүн, 13-августта Ош облусунун Алай районунда «Улуу мурас» фестивалы өтүүдө, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Фестивалга өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов баштаган жетекчилер катышууда. Фестивалда топ таш, жоолук таштамай, эңиш, топоз тартыш сыяктуу улуттук оюндар боюнча үзүндү көрсөтүлдү.

Келген коноктор иш-чаранын алкагында өтүп жаткан көргөзмө менен таанышууда. Ага ат жабдыктар, тарыхый буюмдар, зер буюмдар, дан, эт, сүт азыктары коюлган. Катышуучулар койду куйкалап бышырып келишкен.

Гүлчө айылынын тургуну Гулипа Апылаеванын айтымында, тамак-аштын түрлөрү бала бакчада эмгектенген кызматкерлер тарабынан даярдалган. Анда 1-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда баш байгени алган боз үй да тигилди.

Ал эми Алай районунун Күн-Элек айылынын 75 жаштагы тургуну Калбү Үркүнбаева өзгөчө жасалгаланган 8 канат боз үйүн алып келген. Чебер боз үйдүн жасалгасын жыл сайын өзгөртүп турат. «Улуу мурас» фестивалына түндүгү бийик көтөрүлгөн боз үй тиккен. Ичиндеги кереге таңуулар, кийиздер, териден жасалган тондорду өзү жасаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×