Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 08.08.2016 14:37

Айыл турмушу: Үч-төбөлүк М.Абдилазизов арчадан жасаган бешиктерди 8 миң сомго чейин сатат (фото)

Turmush -  Алайдагы Үч-Төбө айылынын тургуну Молдобай Абдилазизов арчадан бешиктерди жасап сатуу менен алектенет. Ал жасаган бешиктер 8 миң сомго чейин бааланат.

«Мен алгач бешикти кызым турмушка чыкканда жасап бергем. Кийин аны жактыргандар буюртма бере башташты. Учурда чакан устаканамда бешик чабам.

Бул өнөр мага атамдан калган. Бир бешик 15 күндө даяр болот. Керектүү жыгачтар кургагандан кийин калыбына келтирүү керек. Жыгачтарды керектүү формага келтирип, оймолоо иштерин атайын электрондук станок менен жасайбыз.

Бешиктерди 4500 сомдон 8000 сомго чейин сатабыз. Андан сырткары өрүктөн комуз чабам. Комуздун жыгачтарын кардарлар өздөрү алып келет.

Ошондой эле, бешиктин сувенирин жасоо үчүн үйдүн алдына тал өстүрдүм. Андан сырткары тогуз коргоолдун, нарданын идиштерин жасайм», - дейт ал. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×