Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 08.08.2016 10:01

«Чоң-Алай тоосу» фестивалына 300дөн ашык турист катышты (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Ленин чокусунун алдындагы «Ачык-Таш» лагеринде «Чоң-Алай тоосу» фестивалы 300дөн ашык туристтин катышуусунда өттү. Бул тууралуу аталган райадминистрациянын аппарат жетекчиси Сайпидин Низамов аймактык кабарчыга билдирди.

6-августтагы фестиваль туризмди өнүктүрүү максатында уюштурулган.

«Кашка-Суу айыл өкмөтү жергиликтүү депутаттар менен биргеликте "Чоң-Алай тоосу" фестивалын уюштурду. Фествалга Жогорку Кеңештин депутатты Жанар Акаев катышты. Биздин райондо туристтик бир гана Ленин чокусу бар. Туризмди жана улуттук мурастарды жандандыруу максатын көздөгөн салтанаттын жүрүшүндө улуттук ат оюндарынын түрлөрү ойнолуп, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен тамак-аштын түрлөрү көрсөтүлдү», - деди С.Низамов.

Фестивалга белгилүү эстрада ырчылары дагы катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×