Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 04.08.2016 15:24

Айыл турмушу: Ош облусунун тургуну 150 жыл мурунку ат жабдыктарын сатыкка койду (фото)

Turmush -  Ош облусунун 65 жаштагы тургуну Абдыманап Кеңешбаев ата-бабасынан калган өнөрдү улантып келет. Учурда анда чоң аталарынан калган 150 жыл мурунку ат жабдыктар сакталуу. Аларды учурда 100 миң сомго баалап жатканын айтты.

Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, уста Абдыманап Кеңешбаев ат жабдыктарынан ээр, үзөңгү, жүгөн, көмөлдүрүк жана басмайылды сапаттуу жасоого аракет кылат.

«1836-жылы жасалган үзөңгү, басмайыл жана жүгөндү сактап келе жатам. Ал биздин чоң аталарыбыздан калган. Ата-бабаларыбыз ат жабдыктарын жасаган уста болгондуктан биз алардын жолун улантып жатабыз. Эски ат жабдыктары 150 жылдан ашык убакыттан бери сакталып турат. Учурда аны сатыкка чыгарып жатабыз. Жабдыктарды 100 миң сом деп бааладык. Кардарлар келип жатат», - деди ал.

Уста үйүндө жасаган ат жабдыктарын Ош шаарындагы базарга сатыкка алып чыгат. Ээрге талап көп болгондуктан үйүнө чейин издеп келип, сатып алгандар бар.

Учурда уста шакирт тарбиялап, аларга дагы билген өнөрүн үйрөтүп жатканын кошумчалады. Шакирти Мадаминжан Ибайдиллаев көк бөрүгө түшүүчүлөр үчүн өтүк, маасыларды тигип, сатуу менен алектенет. Анын А.Кеңешбаевге шакирт болгонуна 14 жыл толду.

Абдыманап Кеңешбаев 2 кыз, 1 уул жана 10 неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×