Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 02.08.2016 15:17

Б.Осмонов Алай районунун акиминин орун басары болду

Turmush -  Алай районунун акиминин орун басары алмашты. Мурунку орун басар башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу анын ордуна мурда Алай районунун Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы болгон Осмонов Бактыбек Арапбаевич дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Осмонов Бактыбекти райондун активи менен өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махамадов тааныштырды, деп билдирди кабарчы.

Актив менен болгон жолугушууда Алай районунун акими Илияз Ташкулов жаңы дайындалган орун басарга ийгилик каалады.

Бактыбек Осмонов 1967-жылы Алай районунун Будалык айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Эмгек жолун жумушчу болуп баштап, «Эркеч-Там» бажы кызматында башкы инспектор, Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жол башкармалыгында ПВК-5 постунун башчысынын орун басары, Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы кызматтарын аркалаган.

Б.Осмонов

замаким

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×