Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 02.08.2016 11:03

Тулпар-Көлдөгү «Улуттук ат оюндар» фестивалында туристтер дагы мелдештерге түшүп, жеңип чыгышты (фото)

Turmush -  

Памир-Алай тоосунун Ленин чокусунун алдында жайгашкан Тулпар-Көлдө бул жылы дагы «Улуттук ат оюндар» фестивалы уюштурулду.

Фестивалдын максаты — Кыргызстандын маданиятын чет элден келген конокторго даңазалоо. Фестивалдын алкагында улак тартыш, кыз куумай, эр оодарыш, тыйын эңмей жана башка салттуу улуттук оюндар ойнотулду.

Бул жылы фестивалды көрүү үчүн чет өлкөлөрдөн 300дөн ашык коноктор келишти. Алар өздөрү дагы оюндарга катышууга мүмкүнчүлүк алып, аркан тартышта Европа өлкөлөрүнөн келген коноктордон турган команда 1-орунду ээледи. Ошондой эле, бул команданын капитаны — Нидерландиядан келген Ремко бука тартышка түшүп, биринчиликти ээледи.

Иш-чаранын коноктору жергиликтүү музыканттардын таланттарын баалап, кыргыз элинин улуттук ашканасын макташты. Фестивалдын жүрүшүндө Алай районунун ишкер айымдары колдо жасаган буюмдардын көргөзмөсү дагы уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×