Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 11.07.2016 14:58

Айыл турмушу: Кара-тейиттик С.Мырзакулова 100 литрлик казанга эң чоң көлөмдөгү ордо нанын бышырды (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылынын тургуну Самара Мырзакулова 100 литрлик казанга эң чоң нан — ордо нанын бышырды.

Самара Мырзакулова ордо нанды 9-июлда Ош облусундагы райондор аралык «Улуу Мурас» кароо-сынагындагы көргөзмөгө алып чыккан. Көрмөзмөдө эң чоң нан элдердин көңүлүн өзгөчө тартып турду. С.Мырзакулова 50 литрлик казанга дагы нан бышырган.

Анын айтымында, чоң нанды бышыруу үчүн камырды жумшак кылып жууруп, даяр болгон камырды казандын ичине толук жабуу керек. Андан кийин казандын астына от жагып, 20 мүнөт өткөндөн кийин чоң нан кызарып бышып калат. Чоң көлөмдөгү нанды 2-3 адам бышырса ыңгайлуу болот.

«Мындай чоң көлөмдөгү ордо нандар ата-бабаларыбыз тарабынан майрамдарда, той-топурларда бышырылып турган», - деди С.Мырзакулова.

Уюштуруучулардын айтымында, аталган иш-чарага Чоң-Алай районунун тургундары тамак-аштын 800дөн ашык түрүн жасады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×