Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 09.07.2016 12:42

Айыл турмушу: Деңиз деңгээлинен 2750 метр бийиктиктеги Үч-Төбө айылы 3 дөбөсү менен белгилүү болгон (фото)

Turmush -  Алай районундагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аталышы айылдагы 3 дөбөгө байланыштуу, деп билдирди жергиликтүү жашоочу Раиса Сагынбай кызы аймактык кабарчыга. Анын айтымында, айылдагы 3 дөбө дароо көзгө урунуп, айырмаланып турган.

1

«Улуу муундагылардан укканыма караганда, бул жакта көзгө дароо көрүнгөн, жанаша жайгашкан 3 дөбө бар. Ары-бери өткөн эл бири-биринен кайсыл жактан келе жатканын, кайда бара турганын сурап турган. Жооп узаткандар "үч дөбө жактан келе жатам", "үч дөбөнүн жанынан өтөм" деп жүрүп, бул аймак Үч-Төбө (дөбө эмес, төбө болуп аталып калган) аталып калган», - деди ал.

Үч-Төбө айыл өкмөтү 1996-жылы уюшулган. Айыл өкмөттүн курамында 6 айыл бар. Деңиз деңгээлинен 2750 метр бийиктикте жайгашкан айылдагы калктын саны 7 миң 441 адам, анын ичинен эркектер 3 миң 722, аялдар 3 миң 719.

3

Айыл өкмөттө жалпысынан 4 ФАП, 5 мектеп, 2 бала бакча, 1 маданият үйү, 4 китепкана бар. Учурда айыл өкмөттүн башчысы — Ибарат Кутушова. Жашоочулардын басымдуу бөлүгү мал чарбачылык менен алектенет.

5

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×