Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 07.07.2016 11:58

Айыл турмушу: Кокон хандыгында таза күмүштөн жасалган ат жабдыктары сатыкка чыкты (фото)

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну Таалайбек Перишов Кокон хандыгы учурунда жасалган ат жабдыктарды сатыкка чыгарды. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди. Анын айтымында, XIX кылымга таандык ат жабдыктарын (басмайыл, жүгөн, куюшкан) ушул күнгө чейин сактап келген.

«Бул ат жабдыктар Кокон хандыгы мезгилинде жасалган экен. Ошол жактан куда күтүп, хандыкка барганда алынган. Бул ат жабдык таза күмүштөн, таза кайыштан жасалган. Мен турмуш шартыма байланыштуу сатыкка чыгарып жатам. Бул тарыхый ат жабдык десем болот. Баасы 120 миң сом. Ата-бабаларымдын мага калтырган мурасы болчу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×