Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 01.07.2016 18:43

Айыл турмушу: 21 жаштагы Бекназар үйүндө чакан көлмө куруп, балык бага баштады (фото)

Turmush -  Алай районундагы Арчалуу айылынын 21 жаштагы тургуну Бекназар Кадырбек уулу өзүнүн короосуна чакан көлмө жасап, балык багып жатат. Ал балыкты акча табуу максатында бакпаганын айтат.

«Балык өстүрүүнү атам колго алып, мага кошо үйрөттү. Балык кармагандын пайдасы көп экен. Балыктарды карап отуруп, чарчаганың жазылып, өзгөчө ойлор пайда болот.

Учурда 40 кг чабак алып келип карап жатабыз. Бул чарбаны өз көмөгүбүз менен куруп, кайсы балык биздин шартта жакшы жашай турганын аныктап жатабыз», - дейт ал.

Бул үй-бүлө балык багуунун сырларын 2015-жылы өздөштүргөн. Балык чарбага үй-бүлө мүчөлөрүнүн бары көмөктөшөт.

«Балыктар булактан агып келген сууда өстүрүлүүдө. Өзгөн районундагы балык чарбадан карп, амур породасындагы чабактардан 20 кг алып келип, чоңойтуп жатабыз. Атайын колго камыр жайып, аны кургатып, майдалап балыктарга беребиз. Күнүнө эки жолу жем чачабыз. Калган учурда чөптөр менен азыктанышат. Кийинчерээк фарель балыгын алып келип өстүрөлү деп жатабыз», - деди Бекназар.

Арчалуу айылы Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Алай айылына караган чакан айыл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×