Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 29.06.2016 08:21

Айыл турмушу: Кызыл топурактуу Кызыл-Алай айылынын кооз жаратылышы (фото)

Turmush -  Алай районундагы Кызыл-Алай айылынын аталышы кызыл топурактуу болгондугуна байланыштуу. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Бурулча Кадырбек кызы билдирди. Анын балалык чагы дал ушул шибердүү Кызыл-Алай айылында өткөн.

«Айылыбыздын топурагы, тоолору кызыл болгондуктан Кызыл-Алай аталып калган экен. Биздин айылдын эли ынтымактуу. Суусу дагы таза.

Биздин айылга караган Арчалуу деген айыл бар. Ал жерде суу кышы-жайы тоңбой турат. Булактар дагы көп болгондуктан сууга болгон таңкыстык жок. Жайлоолордо дагы шаркыратмалар бар. Жаратылышыбыз абдан кооз. Менин балалыгым дал ушул тоолордун арасында өткөн. Айрыкча зире өсүмдүгү аябай көп өсөт. Зире терем деп тоодон тоголонуп, аарыга көзүмдү чактырып, эртеден кечке оюндан кол бошобогон балалык кезим таттуу күндөр менен коштолгон. Биздин айылда балдардын балалыгы ушундай», - деди Б.Кадырбек кызы.

Аталган айыл Үч-Төбө айыл өкмөтүнө карайт. Айыл мал чарбачылыкка ыңгайлуу болгондуктан жергиликтүүлөр мал кармашат. Көпчүлүгү жылкы багат.

1991-жылы Кызыл-Алайдагы Кызыл-Тоонун жанында Курманжан датканын 180 жылдыгы белгиленген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×